Приглашаю присоединиться ко мне в следующих сервисах:

Апендинин жоруктары анекдот


Апенди тууралуу 8 факты. Кыргыз апендиси кандай болгон?

Адатта биз апенди десе, эки сөздүн башын кошуп айта албай элге күлкү болгон, маңыроо чалыш, аңкоо адамды элестетебиз. Бирок чын-чынына келгенде, ал сөз кадырын билген жана сөз менен сөөккө жеткире сүйлөп, дөөлөтүнө чиренгендерди асмандан алеки саатта жерге түшүргөн акылдуу, сөз тапкыч болгон. Sputnik Кыргызстандын окурмандарына апендинин дал ушул сапаттарын ачып берүүгө аракет кылдык.

Дүйнөнүн көптөгөн элдеринде апенди болгон сыяктуу эле кыргыздардын да өз апендиси бар. Мурдатан эле болуп келген, азыр да бар, келечекте да болот берет.

Апенди — кыргыз адабиятында жеке адамдын ысымы гана эмес, андан бийикке көтөрүлүп, жалпылоого өтүп, адабий жанрга айланган. Алар тамашалуу жана сатиралык мүнөздөгү курч, маанилүү, кыскача оозеки баян болуп эсептелет. Апендилер көбүнчө белгилүү бир көрүнүшкө, адам мүнөзү менен кыял-жоругуна байланыштуу айтылат, социалдык-нравалык мааниси таамай, күчтүү болот.

Кыргыздын өзүнүн апендиси бар

Кыргыздын апендиси — тоодо жашаган, ошол тоодо мал баккан, же малчыларга жардамчы болгон жөнөкөй бир адам, анын максаты — адилетсиз бай, жалган молдо менен күрөшүү, демократиясыз коомго өзүнүн протестин билдирүү. Ал — чечен, ал — тайманбас, ал — кыргыздын бай тилин өз орду менен пайдалана алган чебер стилист.

Адамдарды тарбиялоого багыт берет

Апендилер күлкүлүүлүгү, улуттук өзгөчөлүгү, курчтугу менен айырмаланат. Бул жанр актуалдуу темада чыгарылып, өтө тез тарагандыгы менен өзгөчөлөнөт. Эл арасында мындай чыгармаларды жараткан жана кунун кетирбей айтып берген таланттуу апендичилер болгон жана алар азыр да учурайт.

Турмуштун өзүндө апенди чалыш каармандар, ошого ылайык окуялар көп кездешет, ошолорду эле бир аз "туздап", "мурч салып" койсо жаңы апенди чыгат дешет. Мындай чыгармаларда социалдык, ыймандык маани таамай жана күчтүү болуу менен адамдарды тарбиялоого багыт берет.

Бул киши балдардын жана чоңдордун сүйүктүү каарманы

Апендилер балдардын жана чоңдордун сүйүктүү образы болгон. Кыргыз балдарына ар бир айылда баланча киши апенди болгон деп анын жоруктарын айтып берген. Анын кыргыз-казакка кеңири тараган бейнеси Алдар Көсөөнүн образына топтоштурулган. Бул каарманды катыштырып Токтоболот Абдумомунов комедиялык пьеса жазып, көп жылдар бою сахналарда коюлган.

Апендилер менен кыргыз элинен чыккан куудулдардын чыгармачылык ишмердүүлүгү окшош. Эл ичинен чыккан куудулдардын чыгармалары же жөн гана турганда айткан-дегендери сөздөн, сөз өнөрүнөн гана турбайт, аларды кыймыл-аракет, мимика, пантомима сыяктуу театралдык белгилер, драматургиялык каражаттар, б.а. синкреттик искусство коштоп гана калбастан, алар өз чыгармаларынын сценаристи да, режиссёру да, аткаруучусу да болгон, көрүүчүлөрсүз алардын ошол чыгармалары "өлүү" бойдон калган.

Кыргыз апендиси — кыргыз куудулдары

Айдараалынын "Көйрөң күү" деген чыгармасы куудулдук өнөр менен комузчулуктун, кыймыл-аракеттин, анын ичинде бет түзүлүшүн аябай өзгөртүүнүн натыйжасында балдардын күлкүсүн чыгарууга ылайыкташкан. Сатиралык чыгармаларды айткан же аткарган, туруш-турпаты, кыймыл-аракети менен элди күлдүргөн адамдар куудул аталып, алар бирөөлөрдү туураган (пародист), шылдыңдаган, анекдот айткан, маскарапоздук кылган, азилдешкен, аския чыгарган. Мындай таланттуу куудулдарга Куйручук деген ылакап аттуу Кудайберген Өмүрзак уулу (1866-1919), Көкөтөй Өмүрбек уулу (1849-1916), Карачунак Шылдыр уулу (1860-1960), Бекназар Арзымат уулу (1881-1953), Шаршен Термечик уулу (1896-1942), Жоошбай Борсол уулу (1840-1919) сыяктуу таанымал инсандарды кошууга болот. Алардын ар бири өзүнчө индивидуалдуулукка жана жалпылыкка ээ болуу менен стилине жорго сөз, литота, апыртуу мүнөздүү болуп, ошол сөздү драмалык элементтер коштоп турган.

Куудулдар комуз, кыяк сыяктууларды да ойной коюп, отуруп-туруп, жата калып, ар кандай кыймыл-аракеттер менен балдарга оюн-спектакль койгон, демек, алар универсалдуу талантка жетишкенде гана куудул катары эл алкышына татыган. Айрым учурда алар шартка жараша декорация даярдап, актёрлор сыяктуу грим, кийим-кечек да пайдаланган. Кээде булар да төкмөлөргө окшоп устат жана шакирт болуп, же топтолуп алышып, гастролдоп чыккан, репертуарын улам байытып жана кырдаал-шартка карата импровизациялап турган. Алардын чыгармачылыгында даяр текстке караганда оозеки ойдон чыгарылган сюжеттер, фабулалар, образдар басымдуулук кылган. Атүгүл хан сарайларда, бийлик төбөлдөрүнүн алдында, ошолорго тамаша койгон атайын куудулдар болгонун да айта кетүүгө тийишпиз. Чыныгы куудулдар сөз сүйлөй электе эле кыймыл-аракет, кебете-кешпир менен балдарды күлдүрүп, күлкүдөн эсин оодарган учурлар эл турмушунда эчен жолу болгондугу тарыхый чындык. Аларды айткан апендининин жоруктары элге тараган, ал гана эмес, өздөрү да апенди катары образга кирген.

Түгөлбай Сыдыкбековдун "Акылман куудулу"

Көрүнүктүү прозаик, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Эл Баатыры Түгөлбөй Сыдыкбеков "Жоошбай", "Көкөтөй", "Куйручук" деген үч повесть жазган. Ал киши жаш чагынан оору менен алышып кыйналып жүрдү, кийин "улутчул" деген жарлык тагылды. Ошондо "оор күндөрдө көңүлүн көтөргөн", "ооруп жүргөндө дартына эм болгон" күлкүнүн ээси - бири Алдар Көсөө болсо, бири Апенди болгон деп, "атпай журттун акылманы, куудулу кишиге дем эткен ошо чер жазар жаркын күлкү — өмүр азыгы, өмүр ачкычы" дейт!

Бир нече автор Кудайберген (Куйручук) жөнүндө чыгармаларды жараткан. Алардын бири Эркалы Өскөналы "Кудай сүйгөн Куйручук" деген китебине "Эл аңгемелери" деген кошумча ат менен аныктама берет.

Апендинин тамашаларынын адам жашоосундагы орду

Өмүрдө тазалыкты, акыйкаттык менен адалдыкты жана да адамгерчилик жакшы сапаттарды коргоп, ошону менен катар жаман жосундарды ашкерелөөдө, пендечиликтеги майда жүрүм-турумдарды мазактоодо күлкү зор керемет күч экендигин адам баласы байыртан билген.

Апенди дүйнө элинин да сүйгөн каарманы

Апенди жалгыз эле биздин элдин күлкү-тамашасы эмес. Ал көп элдин жомогу, жакшы көргөн жакын санаалашы, адам ушундай болсо деген үмүт-тилеги. Ырас, Апендилер көп. Алсак, казактарда Кожо Насыр, өзбектерде — Насреддин Афанди, азербайжандарда — молла Насереддин, уйгурларда — Афанди же болбосо Кожо Насир Афанди, түрктөрдө — Кожо, чечендерде — Несрат же молла Наср-Эддин, гректерде — Анастратин, аварларда, сербдерде, хорваттарда — Насреддин, арабдарда — Наср ад-дин Жоха, фарстарда да ошондой, тажиктерде — Эфенди, татарларда — Насреддин ожи, түркмөндөрдө — Эпенди, бизче — Апенди. Бирок ысымдарынын аталыштарында жана анча-мынча салттарында гана айырма болгону болбосо, кылык-жорук, мүнөздөрү баарыныкы окшош. Максаттары — адалдык, актык жана ыйман сактоо, адилеттикти жактоо.

Апендиге арналып тургузулган эстеликтер

Дүйнөдө апендини өзүнө таандык кылууга аракет жасаган элдер көп. Айрыкча түрктөр апендини казылык кызматка чейин жеткире сүрөттөп, бир нече китептерди жаратып, бир топ шаарларына эстелик коюшкан. Ал эми өзбектер апендинин бухаралык экенине ишенип, орус жазуучусу Леонид Соловеьевдин "Кожо Насирдин жөнүндө повесть" деген эмгегине таянып, Бухарада жашаган деген тыянакка келип, Бухара шаарына атактуу апендинин эстелигин орнотушкан. 1-апрелде салтка айланган "Кожо Насирдин апендинин" күлкү фестивалын жана илимий-практикалык конференция өткөрүшөт.

Апендинин жоруктары жаңыланып, балдар үчүн комикс китепче болуп чыкты

Маданият

Кыскача шилтеме алуу

69610

Комикстин авторлору Апендинин жаңы образын түзгөнгө аракет кылышкан. Азыр ал арык да, семиз да эмес, бай да, кедей да эмес дешти алар.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандын балдар адабият айдыңында "Апендинин жоруктары" деп аталган комикс түрүндөгү китепче чыкты. Бул туурасында "Баластан" интерактив журналынан кабарлашты.

Анын түзүүчүлөрүнүн айтымында, комикс түрүндөгү Апенди туурасындагы мындай эмгек биринчи ирет чыгып жатат. Бул образ элге кеңири белгилүү. Бирок өзгөчө балдар үчүн Апендинин жоруктары жазылган китеп жокко эсе дешти.

  • Кыргызстандын балдар адабият айдыңында "Апендинин жоруктары" деп аталган комикс түрүндөгү китепче чыкты.

    © Фото / Машраб Абдужабборов

  • Анын түзүүчүлөрүнүн айтымында, комикс түрүндөгү Апенди туурасындагы мындай эмгек биринчи ирет чыгып жатат.

    © Фото / Машраб Абдужабборов

  • Бул образ элге кеңири белгилүү. Бирок өзгөчө балдар үчүн Апендинин жоруктары жазылган китеп жокко эсе дешти.

    © Фото / Машраб Абдужабборов

1 / 3

© Фото / Машраб Абдужабборов

Кыргызстандын балдар адабият айдыңында "Апендинин жоруктары" деп аталган комикс түрүндөгү китепче чыкты.

"Анын ар бир жоругу жакшы сапатка тарбиялоо менен катар жалкоолук, калп айтуу, адепсиздик өңдүү терс жорук-жосундардан алыс болууга чакырат. Мурдагы Апенди тиштери түшкөн, бир-эки тал сакалы бар, калпакты тескери кийген киши болчу. Биз азыркы Апендини иштеп чыктык. Мында ал арык да, семиз да эмес, бай да, кедей да эмес. Анын жоруктарын заманга ылайыктап, балдар сүйүп окуган комикс жанрында даярдадык", — деп билдиришти аталган журналдан.

Китепче "Баластан" интерактив журналынын редакциясы тарабынан даярдалып жарыкка чыкты. Түзүп чыккан Жаныбек Абидетегин, сүрөтчүсү Ренато Мамытбеков, дизайнери Нурлан Саргалдаев, редактору Бекжан Ишенбай тегин.

Суйлом мучолору - tyup.net



Суйлом мучолору деген эмне, алар өз ара кандай болуп бөлүнөт, мучолор эмнелерден турат, жана башка ушул сыяктуу суроолорго жооп берүүгө аракет кылабыз.

Сүйлөмдүн тутумунда туруп, кандайдыр бир суроого жооп болуп түшкөн сөздөр сүйлөм мүчөлөрү деп аталат. Мисалы: Эмгектин көркүн жер берет. (А.Т.) Бул сүйлөмдүн тутумундагы жер деген сөз эмне? деген суроого, берет деген сөз эмне кылат? деген суроого, көркүн деген сөз эмнесин? деген суроого, эмгектин деген сөз эмненин? деген суроого жооп болуп түштү.

Сүйлөм мүчөлөрү өз ара баш жана айкындооч мүчөлөр болуп, экиге бөлүнөт. Дароо айтып коелу, айкындооч мучолорду тексттин көлөмү чоң болгондуктан өзүнчө макалага жайгаштырдык, шилтемеси ылдый жакка берилет.

Баш мучолор
Башка сүйлөм мүчөлөрүнө көз каранды болбой, сүйлөмдүн негизин түзгөн мүчөлөр баш мүчөлөр деп аталат. Мисалы: Окуучулар ырдашты. Жумушчулар келишти. Асан келди.

Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү ээ менен баяндоочтон турат.

Ээ
Айтылып жаткан сүйлөмдүн башка мүчөлөрүнө грамматикалык жактан багынбай, баяндоочту сан, жак боюнча өзүнө баш ийдирип, атооч жөндөмөсүндө турган баш мүчө ээ деп аталат. Ага ким? эмне? кимдер? эмнелер? деген суроолор коюлат. Мисалы: Курч быдырлуу үч кыр өгөө шадылуу колдо ойноду. (Н.Б.) Жапар күндүн кандай өткөнүн сезбеди.

Жөнөкөй ээ
Бир гана сөздөн туруп, ким? эмне? деген суроого жооп болуп түшкөн мүчө жөнөкөй ээ деп аталат. Мисалы: Балдар Анатолий Александровичтин аңгемесин аябай кызыгып угушту. (В. О.) Токтогул далайга козголбой турду. (А. Т.)

Жөнөкөй ээнин милдетин аткаруучу сөздөр
Сүйлөм тизмегиндеги жөнөкөй ээнин милдетин төмөнкү сөздөр аткарат:

  1. Зат атооч сөздөр: Токтогулдун жаш жүрөгү уядан талпынган балапандын канатындай дирилдеди. (А. Т.) Аттар арткы эки буту менен тура калат.(С. К.)
  2. Ат атооч сөздөр: Бүгүн келериңди ким билиптир. (Т. С.) Тил албасты жумшаганча, тына-тына өзүң бар (макал).
  3. Сын атооч сөздөр: Жаман өз камын ойлойт, жакшы эл камын ойлойт (макал).
  4. Сан атооч сөздөр: Алтымыш алтыга калдыксыз бөлүнөт. Он отузга берди, отуз жалмага берди, жалма жата калып, жардан алыс ыргытып жиберди (табышмак).
  5. Затташкан атоочтук сөздөр: Көрбөс тоону да көрбөйт. Жандоочу кийик аттырат (макал).
  6. Кыймыл атоочтор: Окуу оңой эмес. Алган милдеттенмени орундоо — ардактуу жана сыймыктуу иш.

Татаал ээ
Экиден кем эмес сөздөн туруп, бир гана суроого жооп болуп түшкөн сүйлөмдүн ээси татаал ээ деп аталат. Мисалы: Үч-Терек Какшаал тараптагы жайлоолордун атактуусу болуп саналат. (К. Ж.)
Ысык-Көлүм
параходун терметет.
Бүгүн түшүп,
аны менен эл кетет. (Ж. Т.)

Татаал ээнин милдетин аткаруучу сөздөр
Төмөнкүдөй түзүлүштөгү синтаксистик ажырагыс бирдиктер татаал ээнин милдетин аткарат:

  1. Аныктоочтук айкаштар: темир күрөк, калай кашык, темир жол. Бишкектен Ысык-Көлдүн жээгине чейин темир жол салынды.
  2. Адамдын атын, атасынын атын, айбанаттардын, канаттуу куштардын аттарын билдирүүчү кошмок сөздөр: Биринчи Май - эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү. Чыңгыз Айтматов - көрүнүктүү жазуучу ж.б.
  3. Кыскартылган сөздөр: ТалМУ 1997-жылы ачылган. ЖК - эң жогорку бийлик органы, мыйзам чыгаруучу орган.
  4. Зат атоочтук жана заттанган кош сөздөрдүн бардык түрлөрү татаал ээлик милдетти аткарат: Кобур-собур басылып, тамак-аш ичилип бүттү. Опур-топур көбөйгөндөн көбөйдү. (Т. С.)
  5. -мак формасындагы атоочтуктар заттык мааниде туруп, татаал ээ боло алышат: Кылып ичмек - кыйын аш, кыдырып ичмек - оңой аш (макал). Найза саймак - эрдиктен, ат жоорутмак - тердиктен (макал).

Баяндооч
Суйлом мучолору макалабыздагы баяндооч, грамматикалык жагынан ээге багынып, анын ар кандай абалын туюнткан мүчө баяндооч деп аталат. Баяндооч эмне кылды? эмне болду? кантти? эмне кылат? эмне кылып жатат? ким? эмне? кайда? кандай? деген суроолорго жооп берет. Ал, адатта, сүйлөмдүн аягынан орун алат. Мисалы: Аскерче кийинген киши жерден чымчып топурак алды да, алаканына салып жыттады. (К.Б.) Ысман бөбөктөрүн кучактаган бойдон атасын карай салды.(А.Т.) Эң кенжебиз Бекдайыр. (М.Э.)

5-май конституция куну - tyup.net


Жыл сайын 5-май куну Кыргызстанда Конституция куну башкача айтканда - өлкөнүн баш мыйзамынын туулган күнү белгиленет. "5-май конституция куну" кандай пайда болгонун билип алалы.

1993-жылы 5-майда Жогорку Кеңештин 12-сессиясында Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган. Ошондон тарта өлкөбүз Кыргыз Республикасы аталып, ал эми 1978-жылы кабыл алынган Кыргыз ССРинин конституциясы өзүнүн күчүн жоготот.

Конституция кабыл алынгандан бери көптөгөн өзгөрүүлөргө, толуктоолорго дуушар болду. Бир нече жолу кардиналдык түрдө өзгөргөн - 2003-жылдын феврал айында, 2006-жылдын ноябрь жана декабрь айында, 2007-жылдын октябрь айында.

2010-жылдын апрел айында өлкөдө бийлик алмашып, натыйжада өлкөнү башкаруу "убактылуу өкмөткө" өтүп, конституциябыз дагы өзгөрүүгө туш болот. Анда, өлкө парламенттик башкаруу формасын кабыл алат. Жаңы конституцияны кабыл алуу референдуму 2010-жылдын июнь айында болуп, бүгүнкү күндө дал ушул Конституция Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жатат. 2016-жылдын конституциянын 26 беренесине өзгөрүү-толуктоолор киргизилген.

Көптөгөн дүйнө өлкөлөрүндөй эле Кыргыз Республикасы үчүн Конституция баш мыйзам болуп саналат, ал жарандардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин, өлкөнүн укуктук статусун аныктап, мамлекетибизде эң жогорку юридикалык күчкө ээ. "5-май конституция куну" иш күн эмес.

[ushka=seredina] Кыргыз Ресбликасынын Констициясынын кээ бир беренелери:

1-берене. 1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет.

2. Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында толук мамлекеттик бийликке ээ, ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөт.

2-берене. 1. Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат.

2. Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат.

3. Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка олуттуу маселелер референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) коюлушу мүмкүн. Референдумду өткөрүүнүн тартиби, референдумга коюлуучу маселелердин тизмеги конституциялык мыйзам менен белгиленет.

4. Шайлоо эркин болуп саналат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын депутаттарын шайлоо жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоого укуктуу.

5. Мамлекет мыйзамда белгиленген ар кайсы социалдык топтордун мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, анын ичинде чечим чыгаруу деңгээлинде өкүлчүлүгү үчүн шарттарды түзөт.

Конституция деген эмне - коституция бул коомдук жана мамлекеттик түзүлүштү, шайлоо системасын, мамлекеттик органдардын ишин жана уюштуруу негиздерин аныктоочу, жарандардын укуктарын белгилөөчү мамлекеттин негизги же баш мыйзамы.

Конституция латын тилинин constitutio аттуу сөзүн келип чыгып, түзүлүш, орнотуу дегенди билдирет. Жогорку юридикалык күчкө ээ, өзгөчө нормативдик укук актысы. Жалпак тил менен айтканда эл менен өкмөттүн ортосундагы келишим.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө кызыктуу фактылар:

  • Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү/толуктоо боюнча 7 референдум болгон;
  • Конституцияны жоготуу күндөр болгон - 2016-жылы Жогорку Кеңеш Конституциянын "түп нускасы кайда?" деген суроого жооп издешип, түрдүү социалдык тармактарда көптөгөн талкуулар жүргөн.
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясынын атасы - Өмүрбек Текебаев деген имиштер бар. Ал документтин жазууда бир нече жолу катышып, кээ бир толуктоолордун дагы автору болгон. Ошондуктан аны "Конституциянын атасы" аташкан.
  • Документти эң көп өзгөртүү/толуктоо Аскар Акаевдин убагында жүргөн.
  • 2010-жылкы апрель революциясынан кийинки кабыл алынган конституция эң туруктуу болгон. Ал 6 жыл бою өзгөргөн эмес.
  • Мамлекеттик негизги документине бардыгы болуп 10 жолу өзгөртүү/толуктоо жүргөн.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2010-жылдын 27-июнунда Референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) жана КР 2010-жылдын 27-июнундагы Мыйзамы менен колдонууга киргизилилген версиясынынын бул жерден көчүрүп алсаңыз болот. "5-май конституция куну" макаласы боюнча суроолор болсо комментарий жазгыла

Маалыматты көчүрүү үчүн сайтка кириңиз же катталыңыз.

Суйломдун айкындооч мучолору - tyup.net



Суйломдун айкындооч мучолору деген эмне, достор, суйлом мучолору аталган макалада сүйлөм мүчөлөрү өз ара баш жана айкындооч болуп экиге бөлүнөт деп жаздык эле, бул макалада мына ошол айкындооч мүчөлөр жөнүндө кеп болмокчу.

Сүйлөмдүн баш мүчөлөрүнүн бирин жандап, ага аныктык, тактык киргизген сөздөр айкындооч деп аталат. Айкындооч мүчөлөр өзлөрүнүн сүйлөм тизмегинде аткарган милдетине карай: аныктооч, толуктооч, бышыктооч болуп, үч чоң топко бөлүнөт.

Аныктооч
Грамматикалык катнаш жагынан өзүнөн кийинки келген зат атооч, же заттык мааниде айтылган аныкталгыч сөздөргө багыныңкы абалда келип, алардын сапатын, белгисин, касиетин, сан-иретин, же бир жакка (кимдир бирөөгө) таандык экендигин билдирип турган айкындооч мүчөнү аныктооч дейбиз.

Түзүлүшү жагынан аныктооч сөздөр атооч жана илик жөндөмөсүндө турат да, сүйлөм тизмегинде кандай? кайсы? канча? нече? канчанчы? неченчи? кимдин? эмненин? деген суроолорго жооп болуп түшөт. Мисалы: Белдин өзүнөн Кең-Төрдүн дайын көрүнгөнү менен, Татаалдын ичи далдаада калар. Куш-Күңгөйдүн чокусуна чейин баргын да, эки төрдү чал. (Т. С.) Белгисиз жигит Токтогулдун башын сол колу менен бапестеп көтөрүп, оң колу менен кичинекей кара көнөчөктү оозуна алып барды. (А.Т.)

Жөнөкөй жана татаал аныктооч
Бир сөздөн турган аныктооч жөнөкөй аныктооч, эки же андан ашык сөздөн турган аныктооч татаал аныктооч деп аталат. Мисалы: Күлүк ой, узун сана, түпсүз кыял Ажарды кучагына алды. (К.Б.) Калдайган кара булут каалгып жылып барып, Ыйлаак-Тоо деген бийик чокунун башына конду. (Н.Б.) Бул - Кичи-Кеминдин оозундагы казак-орус кыштагы. (К.Б.)

Аныктоочтун милдетин аткаруучу сөздөр
1.Сын атооч сөздөр аныктоочтун милдетин аткарат: Мына бул түтүгүнөн түтүн бураган чоң ак үйдүн өйдө жагындагы дөбөчөдө казанбактай чоң тебетейди желкесине баса кийип, жаңы трайке чепкенин желбегей жамынып, жаңы кыйылган ыргай таякка сүйөнгөн Мамбеткул түштүк багыттагы төш тарапты карап, кыдыңдаган карт көзүн жылтыратып, ууртунан күлүмсүрөйт. (Т.А.)

2.Зат атоочтор аныктоочтун милдетин аткарат: Тизмектелген Ала-Тоонун чокуларына күн нурун чачты. (К.Б.) Күндүн кышкы алсыз илеби Кочкордун кар түшкөн беттерине чачырап, ар бир жыбыттарды оттон жасалган изин ийне сыяктуу сайгылай баштады. (Н.Б.)

3.Сан атоочтор сүйлөм тизмегинде аныктоочтук милдетти аткарат: Кырмандын чет жакасын шыпырып, оодарып жаткан бир-эки киши көрүнгөнсүйт. (К.Б.) Туура саат беште күтөм. Андан беш минута өтсө, күтпөймүн, — деди Өмүрбек. (А.К.)

4.Ат атооч сөздөр аныктоочтук милдетти аткарат: Тиги өзөндүн боюндагы чатырдай аппак үйлүү калың айыл — ушул Каныбектин кожоюндарынын айылы. (К.Ж.) Эртеңден баштап бардык жаштар ишке киришмек болушту. (Н.Б.) Жамгыр алардын бетине чаба жаап турду. (Н.О.)

5.Атоочтуктар аныктоочтун милдетин аткарат: Бала кездерде ойноп жүргөн таштарга, серпишкен булактарга учурашкысы келет. (Т. С.)

6.Кыймыл атоочтор аныктоочтук милдетти аткарат: Мен ага Москвага баруунун жолун айттым.

7.Тууранды сөздөр аныктоочтун милдетин аткарат: Шылдыр суу анын кулагына жакшы угулду. (А.Т.) Ал кажы-кужу сөздү уккусу келген жок.

8.Заттык мааниге өтүп колдонулган сырдык сөздөр да аныктоочтук милдетти аткарат: Ал элес бир чиркиндин муңун чалса, бирөөнүн кетүүчүдөй черин жазып. (К.М.) Баракелденин бары жакшы, кокуйдун түбү жаман.

Суйломдун айкындооч мучолору

Толуктооч
Грамматикалык мамиле-катнаш жагынан баяндоочко башкарылып, кыймыл-аракет багытталган тике, же кыйыр объектини көрсөтүп турган айкындооч мүчөнү толуктооч дейбиз. Толуктооч сүйлөм тизмегинде кимди? кимге? эмнени? эмнеге? ким менен? эмне менен? ким тууралуу? эмне тууралуу? деген суроолорго жооп болуп түшөт. Мисалы: Кандайдыр тез-тез согулган темирчинин балкасы калайды какшатат. (Т. С.) Керимахун алдыртан Алымга, анан Анарханга карады. (К. Ж.) Касым да асма көпүрө менен басты. Бир зарыл иштер менен кечигип калдым. (К. Ж.)

Тике толуктооч
Заттын атын белгилөө менен кыймыл-аракет багытталган тике об

Женижок омур баяны - tyup.net


"Женижок омур баяны". Өтө Көкө уулу Таластагы Сарыкөбөк деген жерде 1860-жылы Көкө деген кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Өтө бой жете алек кезинде атасы дүйнөдөн кайтып, иниси Болотой менен жетим калат. Ар кимдин колунда жалданып иштөөгө аргасыз болуп, ооруга чалдыгат. Жугуштуу ала менен ооруган Өтө Ташкара байдын көзүнө чалдыгып, каарына калат. Көпкөн Ташкара жигиттерин чакырып: Тетиги бала ала менен ооруган неме экен. муну айылга эмне жолотосунар? Оорусу жугат. Бир жетимден эл көбөйбөйт да, азайбайт.

Алып барып Карабууранын суусуна салып жибергиле! - деп буйрат. Ташкаранын жигиттери анын өмүрүн кыюуга диттери барбай, кой айдаган соодагерлерге кошуп, Аксыдагы таякелерине качырып жиберет. Таякелеринин колунда жүрүп оорусунан айыгат, Айыке аттуу таякеси айылга жалданып келген өзбек молдолорунан окутуп, арабча кат таанытат. Өтө жаштайынан ырчы болууну эңсеп, кайсы айылга комузчу, акын, манасчы келсе, ошолордун жанынан чыкпай, онтою келгенде ырдай коюп, оозго илине баштайт. "Женижок омур баяны" ушинтип атак-даңкка толо баштайт.

Бир жолу жаш Өтөнүн турмушунда бир окуя болот. Ал Нурмолдо ырчы менен беттешип, анын шаштысын кетирет. Эки жеңи карысынан жок кемсел кийген жаш жигиттин төгүп ырдаганына эл таң калат. Ошондон баштап Өтө Жеңижок атыгып кетет. Ак таңдай ырчы катары элге тааныла баштайт. Жеңижок тарбиялык мааниси терең, уккан элдин акылына уюй турган кептерди сыпаттап айткан чоң нускоочу акын, калк алдында бетме-бет чыга келгенде эч кимден жеңилбеген айтыштын устасы, Манас, Семетей, Кожожаш, Эр Төштүк өңдүү элдик жомокторду күндөп-түндөп айткан жомокчу, баштаганда эле оозунан ыр куюлган төкмө, өз заманында окуй да, жаза да билген билимдүү, түшүнүктүү адам болгон.

Жеңижоктун башка көп ырчылардан айырмаланып аалам, жер, суу, адам баласынын бул турмуштагы орду, милдети, табият менен катышы жөнүндө терең ой жүгүртүү менен ырдаганы анын өз алдынча билимдүү, ойчул акын болгонун айгинелейт. Жеңижоктун ырлары ар кыл. Биринде дүйнө, аалам, турмуш тууралуу терең ой жүгүртсө, башкаларында туура жүрүм-турум жөнүндө, адамгерчилик, адилдик жөнүндө насаат айтат. Жеңижок Токтогулдун замандашы, жакын кишиси болгон. Ал Токтогул, башка акындар менен көп жолу айтышка түшкөн. Жеңижоктун чыгармалары элестүүлүгү, табият көрүнүштөрү өтө жогору чеберчиликте берилгендиги менен айырмаланат. "Женижок омур баяны" ушундай достор, маалымат аз болсо төмөндө кошумча шилтемелерди берип койдук.

Кошумча шилтемелер:

Кыргызстан Улуу Ата Мекендик Согуш жылдарында


Кыргыз жоокерлеринин фронттогу эрдиктери Дуйнолук устомдукко жетууну коздогон фашисттик Германия 1941-жылы 22-июнунда СССРге кол салган. Кыргызстандык жоокерлер согуштун биринчи кунунон эле фашисттик баскынчылар менен баатырларча кармашышкан. Чектеги Брест чебин коргоо Ата Мекендик согуштун тарыхындагы маанилуу кундордон болуучу. Аскерлер 1 айдан ашык убакыт бою чепти коргоп душманга тарттырбай кармап турушкан. Алардын арасында кыргызстандык В. И. Фурцев да болгон. Ал Каракол шаарындагы Ленин атындагы мектептен окуп, тарбия алган. Бишкек шаарынан аскерге чакырылган Н. М. Дмитриев 1941-жылы 10-июлда Белоруссиянын Борисово шаарын коргоодо корсоткон эрдиги учун 1941-ж. 31-августта Кыргызстандыктардан биринчи Советтер Союзунун Баатыры аттуу наамга ээ болгон.

Кыргызстандын окмоту согуштун биринчи эле кунунон калкты жоокердик жактан окутууга, жоокердик болукторду тузууго киришкен. СССР Жогорку Кенешинин Президиумунун 1941-жылы 22-июндагы Буйругуна ылайык, олкодо аскерге милдеттуулорду жалпы мобилизациялоо иштери башталган. Иштин журушундо Кыргызстанда 385-аткычтар дивизиясы, андан сон 40чы ошондой эле 153-аткычтар бригадалары, 2 улуттук ат дивизиясы тузулуп, алар республиканын онор-жай ишканалары ошондой эле колхоздору жактан жабдылган. Алардын ичинен согуш майданына биринчилерден болуп курамын Кыргызстан ошондой эле Казакстан Республикаларынын элдеринен тузулгон Кыргызстандын жоокер комиссары генерал-майор И. В. Панфилов жетектеген 316-аткычтар дивизиясы кирген. Москваны коргоо учун 1941-жылы ноябрь айында болгон кармашта бул дивизиянын жоокерлери бир ай бою оздорунун чегин бекем кармоо аркылуу дивизиянын болуктору фашисттердин 2-танкалык, 29-мотордоштурулган, 11чи жана 110чу жоо аскерлер дивизиясын талкалап, 9 мин немец солдаттары жана офицерлерин, 80 танканы ошондой эле башка куралдарды жок кылышкандыгы учун 316-аткычтар дивизиясы 8-гвардиялык аттуу наамга ээ болуп, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. Волоколамск районундагы, Гуськово атту айылдын аймагында 1941-жылы 18-ноябрда И. В. Панфилов каза болгон.

[ushka=seredina]

Каза болгон сон ага Советтер Союзунун Баатыры деген наамы берилип, ысымы озунун дивизиясына берилген. Андан тышкары Советтер Союзунун Баатыры деген наам Панфилов дивизиясынын 28 аскерине да берилген, анын ичинде кыргызстандык Дуйшонкул Шопоков, Николай Ананьев, Григорий Шемякин, Григорий Конкин, Иван Москаленко, Иван Добробабин, Григорий Петренко болгон. Сталинграддын алдындагы, Тундук Кавказдагы ошондой эле Курскинин алдындагы кармашта кыргызстандык аскерлер да эрдиктин улгусун корсотуу менен баатырларча кармашып, кобу Ата Мекен учун курман болушкан. Воронеждин туштук жагында Дон дарыясынын жанындагы салгылашууда 1942-жылдын 6-августунда Чолпонбай Тулобердиев душмандын дзотун кокурогу менен жаап, олбос очпос эрдик корсоткон. Ага 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Тундук Кавказ фронтунда болуктун командири кыргызстандык Г. И. Выглазов 1942-жылы 16-майда жоокерлери менен душмандын 8 танкасынын чабуулун токтоткон жана озу 3 танканы орттоп, 20 фашистти набыт кылган. Ага 1943-жылы 22-февралда Советтер Союзунун Баатыры деген наамы берилген. Ушундай наамга баатырдыгы учун Батыш фронтундагы жердешибиз А. И. Волковенко да татыктуу болгон.

Сталинград учун салгылашта артиллерист, наводчик, сержант Дайыр Асанов баатырлыгын корсоткон. 1943-жылы 26-октябрь айында ага Советтер Союзунун Баатыры деген наамы берилген. Закавказье фронтундагы ротанын саясий башчысы Кубат Жуматаев да чон эрдик корсоткон. Ал олгондон сон Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. 1942-жылы декабрда Кавказ учун болгон кармаштардын биринде болуктун командири Акун Садырбаев фашисттердин арты-артынан ага ыргытылган 16 гранатасын тосуп, кайра душманга ыргытууга жетишкен. 17-гранатаны ыргытууга жетишпей, колунан жарылып, каза болгон. Ал эрдиги учун 'Кызыл Туу' ордени менен сыйланган.

Кавказды коргоодо ротанын саясий башчысы Сулайман Жундубаев, ага лейтенант Темиркул Уметалиев, артиллеристтер Керим Кырбакбаев, Тыныбай Бейшенбаев ошондой эле Абдыкалык Жумакеев чон эрдиктерди корсотушкон. 1942-1943-жылы кармашта 8-гвардиялык Панфилов атындагы аткычтар дивизиясы озгочо ийгиликтерге жетишкен. Андагы аскерлерди

Мекен жонундо ырлар - tyup.net


Мекен жонундо ырлар жыйнагын Сиздерге сунуштайбыз, кыргыз жазуучулары убагында "ата мекен жонундо ырлар" саптарын көп жазышыптыр. Ушул эле жерден кыргыз калкынын кандай патриот эл экенин байкасак болот.

Бийик нарктуу улуу кыргыз элим бар,
Береке мол, ажайып кооз жерим бар.
Бабалардын кылым кезген мурасы,
Ата-Мекен сенин ыйык демиң бар!
К. Ысманова

Ата-журт жана мен Мен бармын деп бакырбадым, Мен жокмун деп басынбадым. Кыйындыктан жашынбадым, Жамандыкка кагылбадым.

Бар деп айтсаң барып жүрдүм, Жан! деп айтсаң жанып күйдүм. Тетир кетсем кагып жүрдүн, Мөгдүрөбөй жарык жүрдүм.

Башка жерге суктанбадым, Башка асманда уктабадым, Көз ачканда көргөн таным, Сенсиң суум, сенсин, каным!

Эгер өлүм салса кылтак, Арттан өскөн көрсүн урпак, Бөтөн жерге чачылбастан, Сенде болсо үйгөн турпак. (Жапаркул Алыбаев)

Тууган жерге Арасында жүрөмүн калың топтун, Аарыдай бал ташыдым, жаткан жокмун. Азбы, көппү, берген бал кечирип кой, Азды көптөй көрсөтүп айткан жокмун.

Коюу чаңын аралап, калың топтун, Кумурскадай кыбырап, жаткан жокмун. Куурай сүйрөп келсем да кээ күндөрү, "Дөңгөч түртүп келдим" деп айткан жокмун.

Ысыгыңа күйөйүн, кактанамын, Суугуңа чыдайын, тапталамын, Ууз жыттуу койнуңда мен төрөлүп, Уулуң болуп калганга, мактанамын! (Жапаркул Алыбаев)

Ата журт Канынан бөлүп жараткан, Кайтканда байкуш, жан апам, Жаш жетип араң он бирге Жап-жалгыз, үйдө таң аткам. "Ала жат мени кошо" деп Армандуу көздөн кан аккан.

Ойлосом тура, жан башка, Өлмөк түгул өмургө Өчөшүп жашап баратам. Атамдан анан айрылгам, Анда да, канат кайрылган.

Эл ичи уя турбайбы, Эр жетип, көнүл жай кылган. Тил албай кетсем кээ жылы, Тизгиним тартып, бар кылган, Жан бирге бүткөн Ата-Журт, Жашоомду бүгүн шар кылган.

Эне өлсө, кошо өлбөдүм. Ата өлдү, ырас мөгдөдүм. Баарынан кымбат Ата-Журт, Айнысам сүйөп, жөлөдүн.

Кылымдар бою картайбас, Кымбатты сендей көрбөдүм. Айрылсам сенден Мекеним Анда эле, чыны өлгөнүм! (Жапаркул Алыбаев)

[ushka=seredina]

Мекен жөнүндө ой Ата-Журтту сүйүш ардактап, Адамдардын дилинде, канында. Ашык сүйлөп, көппөй дардактап, Ак эмгегим арнадым дайыма.

Жер айдадым иштеп баш салып, Жел ойноду тиккен багымда. Өлүм жетсе, өмүргө таш салып, Өкүнбөстөн өткүм бар тагдырга.

Чын пейилден эркин жашадым, Ак сүйүүмдү арнадым балдарга. Мактоо сөздү ыксыз айтпадым Калбайт экен, эмгек далдада.

Ак санадым баарын тең көрүп, Сындырбадым бир тал чырпыгын. Калаар болсо Мекен, мен өлүп, Кайгырбастан келет тынчыгым... (Жапаркул Алыбаев)

Тууган эл жөнүндө толгоо Менден жашы кичүүлөр, Менден жашы улуулар, Киндик кескен ушул жер- Баарыбызды сулуулар.

Арманын айтып бүтпөгөн, Аталар өткөн жер дечи. Ойлосоң жүрөк түтпөгөн Апанын мында мүрзөсү.

Келиндин кыйбас төркүнү, Жигиттин туулган жергеси - Тагдыр үчүн күн-түнү Күрөштө өскөн эр дечи!

Гүлүңө окшоп кырдагы Кыздарың бар көрк үчүн. Аскаңа окшоп бүт баары Уландар туулган эрк үчүн.

Уялап алган көңүлгө Урматың артык өмүрдөн. Үйрөнгөн жанбыз жеңүүгө, Уулум деп сүйбө, жеңилсем.

Жапырбас бирөө дит чыдап, Шүүдүрүм мончок чөбүңдү. Досумдай сени кучактап, Шаттыкка бөлөйм көңүлдү.

Баркыңды кантип сүйбөйлү, Балындай татыйт сууң да. Кадырың кантип билбейли, Каныбыз бар го тууңда! (Т. Байзаков)

Ата мекен Шекердей булагыңдан даам таттым, Шыгымдын жалындарын сенден таптым. Үзүрлүү орун ээлеп кучагыңдан, Үйрөнүп жашоо жолун, көңүл ачтым.

Энемден артыгыраак эркелеттиң, Эсепсиз ардактадың, мээр төктүң. Дос күтүп, теңтуш таап, билим алып, Жар сүйүп, кадыр билип, өнүп-өстүм.

Бактымды энчиледиң кенен бердиң, Багынаа ойноп-күл деп эмгекчи элдин. Абаңан чексиз жутуп, эркин куштай, Асманга төбөм жетип көкөлөдүм.

Сен барсың арыстандай жүрөктүүмүн, Сан колдой жалтанбаган билектүүмүн. Сынбасын бекеринен жарты ташың, Садагаң мен болоюн, милдеттүүмүн.

Мекен Сан жыргал берекеге чексиз батып, Саяңда мен жүрөмүн эркин

Китеп жөнүндө ырлар, учкул сөздөр

Кезектеги макалада "китеп жөнүндө ырлар", атактуу адамдар китеп тууралуу айткан учкуч сөздөрүн чогултуп, чакан текст даярдадык. Бул макалага Силер дагы китеп тууралуу өз ырларынарды, макал-лакаптарынарды жаза кетсеңиз болот.

Адаттагыдай темага байланыштуу маалыматтар ылдый жакка, шилтеме менен берилмекчи.

Билим кенчи
Ким китеп окуй билсе күтүнө,
Эки дүйнө жарык берер ишине.

Бул китептин баркын билет окуган,
Билимсиздин эмне келет колунан.

Китепте акылмандын насааты бар,
Башкаруу ыкмалары эсте турат.

Китеп көп арап, тажик тилдеринде,
Бул китеп эң биринчи биздин тилде.

Билимдүү китептердин баркын билет,
Окуган - акыл оюн эске түйөт.
(Жусуп Баласагын)

Китеп
Билбегенди билгизген,
Мээге сезим киргизген.
Ак булуттун үстүндө,
Айга жакын жүргүзгөн.
Китеп - менин акылым,
Китеп - менин жакыным.

Турмуш сырын үйрөткөн,
Көркөм, чечен сүйлөткөн.
Көкөлөтүп көңүлдү,
Табиятты бийлеткен.
Китеп - менин акылым,
Китеп - менин жакыным.

Эл достугун сактаган,
Эрк, таалайды мактаган.
Согуш өртүн өчүрүп,
Бейкуттукту жактаган.
Китеп - менин акылым,
Китеп - менин жакыным.
(Аалы Токомбаев)

Китепти сүй
Китепти сүй, баркын бил,
Китептин көп акылы.
Ким китепке дос болсо,
Ал ошонун жакыны.

Сүттөй таза тилеги,
Деңиздей кең талабы.
Көктөй тунук, акыйкат,
Анын ар бир барагы.

Таалайдын жолун көрсөтүп,
Чакырып турат келчи деп.
Арамдыктан тазалап,
Жакшылыкка ээрчитет.

Ошондуктан баркын бил,
Кирдебесин бир чети.
Айрып, жазып булгабай
Жакшы сакта китепти.
(Алыкул Осмонов)

Китептин душманы
Ким китепти кирдетсе,
Китеп баркын билбесе,
Жулуп алып барагын
Орой койсо бир нерсе:
Ал - китептин душманы.

Ким китепти сүйбөсө,
Кадырына күйбөсө,
Барактарын шарт айрып,
Калжың-кулжуң сүйлөсө:
Ал - китептин душманы.

Бардыгынан ким жаман?
Китеп жырткан шум жаман.
Китепти сүйгөн балдардан
Наалат алсын ал адам:
Ал - китептин душманы.
(Алыкул Осмонов)

Китеп
Китеп деген бир укмуш,
Камтыйт аалам сырларын.
Талбай окуп, түшүнүп,
Акылдуу бол, бил баарын.

Китеп өзү сыйкырдуу,
Бүт кубулуш ичинде.
Үйрөнгүнүң бүт жумшап
Эркиң менен күчүңдү.
(Алматай Чойбекова)

Белгисиз авторлордон төрт сап ырлар

Окугула китепти,
Окугула жадабай.
Жакшысынан, пайдасынан,
Чогулткула назданбай.

Алиппенин барактарын,
Тытпагыла балдар ай.
Калбайлы биз заманадан,
Калың китеп окубай.

Акыл калчап, түшүнүп,
Маанисин биле окугун.
Түшүнбөсөк жазганды,
Не кереги окуунун.

Жазуучулар жазышат,
Мемуарды, повестти.
Жазма, дептер, күндөлүк,
Жаралат китеп ушинтип.

Акылы "китеп" - деп турган,
Адамды теңтуш кылгыла.
Жалкоом кармайт окубайм,
Дегендерден качкыла.

Жакшы китеп жан-досту,
Камдагыла кыздар ай.
Өткүчө өмүр аягы,
Курбуң болот ал дагы.

Окуп жүргөн китепти,
Кордобогун балакай.
Жакшылыктан эч нерсе,
Каалабастыр ал сага.

Китепти таштап талаага,
Жакпа отко балам ай.
Кулагыңа ар сырга,
Унутпагын кызым ай.

Үй жасагын китепке,
Жакшынакай текчеден.
Кызматыңда дайыма,
Сенин болсун ал пендең.

Чыгарманын баарысы,
Поэма, роман, аңгеме.
Бул да болсо китептин,
Туугандары достору.

Сыртын каптап тон менен,
Жакшы ичик токуймун.
Чаң баспасын, үшүбөсүн,
Алтындан кымбат китебим.

Илим-билим пайдалуу,
Талыкпастан сен дайым,
Көп-көп окуу ардагым.

Сайрап турсун ар үйдө,
Тамгалары китептин.
Заманы жакшы, турмушу,
Китеби бар адамдын.

Адепсиз жолго түшпөйлү,
Китептин жолун тоспойлу.
Жамгырдай төксүн билимин,
Кагылайын коркпогун.

Таш тергендей тергиле,
Тамгаларын, сөздөрүн.
Окудум деп мактанбай,
Маанисин түшүнө билгиле.

Айдан-айга сугарып,
Өстүргүлө билимди.
Өсүп чыкса чоңоюп,
Түшүмдү берер кеңири.

Иштей турган акылды,
Курчутуп тургун ар дайым.
Өгөө болот бул үчүн,
Китеп аттуу жан-курбуң.

Орундайт максат, кыялдар,
Курчуган акыл китеп менен.
Алгалатат ар ишти,
Ушул адам шериги.

Көп томдуу барактар,
Журнал, сөздүк, альбомдор
Бул ките

Сын атооч деген эмне - tyup.net


Сын атооч деген эмне, анын атоочтук даражалары, жасалыштары кандай, заттык мааниде колдонулушу, синтаксисттик кызматы жана башкалар жөнүндө баарлашалы.

Сын атооч жөнүндө жалпы түшүнүк
Заттын түсүн, сынын, сыпатын, даамын, формасын жана башкаларды билдирип, кандай? кайсы? аттуу суроолорго жооп кайтарган сөздөр сын атооч деп аталат. Мисалы: жашыл, көк, дурус, даамдуу, кычкыл, сүйрү, катуу ж.б.

Сын атооч сүйлөм ичинде көбүнчө баяндоочтук, аныктоочтук, бышыктоочтук милдетти аткарат. Мисалы: Акылдуунун сөзү кыска (кыска - баяндооч). Жакшы адамдын белгиси эл камы үчүн жүгүрөт, жаман адам белгиси өз камы үчүн күйүнөт (жакшы, жаман - аныктооч). Бали, азаматтар, жакшы иштедиңер (жакшы - бышыктооч).

Сапаттык жана катыштык сын
Заттардын сын-сыпаты, өңү-түсү, даамы, формасы, мүнөзү, сапаты сыяктуу белгилерин түздөн-түз көрсөткөн сын атоочтор сапаттык сын деп аталат. Мисалы: кууш, көркөм, кара, кочкул, ачык, кычкыл, туздуу, сүйрү, жалпак, дурус, начар.

Башка бир зат менен болгон байланышына, кандайдыр бир катышына карай заттын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүчү сын атоочтор катыштык сын деп аталат. Мисалы: илимий мекеме, демократиялык коом, саздуу аймак, аскадай чеп, болоттой тартип, кургакчыл ай, таттуу аш.

Сын атооч деген эмне - деп аныктамасын айтпастан, алардын даражаларын дагы үйрөнүп алсак эч качан ашык болбойт.

Сын атоочтун даражалары
Кыргыз тилинде сын атоочтун төрт даражасы бар: жай, салыштырма, күчөтмө жана басаңдатма даража.

Жай даража
Заттын белгисин кандай нормада экендигин билгизип, атайын мүчөлөрдүн жардамысыз, уңгу түрүндөгү сапаттык сын атоочтор аркылуу жасалат. Мисалы: кызыл, сары, ак, кара, ачуу, кең, сүйүү ж.б.

Салыштырма даража
Заттагы бир эле белги экинчи заттын белгиси менен салыштырылат. Салыштырууну чыгыш жөндөмөсүнүн -дан жана -ыраак мүчөсү уюштурат. Мис: Бал канттан пайдалуу. Замира Берметтен кичирээк.

Күчөтмө даража
Заттардын сын-сыпатын күчөтүп, өтө жогору же өтө төмөн экендигин көрсөтөт да, төмөнкү жолдор менен жасалат. 1.Эң, өтө, абдан, чымкый, деген ж. б. күчөткүчтөрдүн жардамы менен жасалат. Мисал: эң чоң, өтө күчтүү, абдан жакшы, чымкый кызыл.

2.Сын атоочтун толук кайталанып же кыскарып айтылышы аркылуу жасалат. Мисал: кыпкызыл, упузун, капкара, сапсары, бийик-бийик тоолор, кооз-кооз үйлөр.

3.Затташкан сын атоочтор күчөтмө даражаны уюштурат. Мисал: мыктынын мыктысы, сулуунун сулуусу ж.б.

[ushka=seredina]

Басаңдатма даража
Заттагы белгинин нормалдуу белгиге жете бербегендигин же анын басандатылып айтылышын билдирет, төмөнкү мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат:

  • -ыш: ак - агыш, көк - көгүш
  • -гыл: кир - киргил
  • -ылжым,-ылжын: көк- көгүлжүм, каралжын
  • -гыч: сары - саргыч
  • -гылт: кызыл - кызгылт, жашыл - жашгылт
  • -гылтым: кызыл - кызгылтым

Сын атоочтун жасалышы
Сын атоочтор төмөндөгүдөй мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат:
1.Зат атоочтон сын атооч жасоочу мүчөлөр:

  • -луу - токойлуу жер, суулуу өзөн
  • -дай - тоодой толкун, алтындай сары
  • -сыз - ботосуз төө, суусуз жер
  • -гы - жазгы суу, кышкы тоо, жайкы ысык
  • -чул - суучул киши, жаанчыл ай
  • -лык - шаардык адам, айылдык жер
  • -чан - атчан адам
  • -мер - ишмер кызматчы, сөзмөр чал
  • -дак - кумдак жер, таштак өрөөн, саздак жер
  • -кор - малкор адам, чайкор кемпир
  • -ий - илимий иш, тарыхый окуя, диний көз караш

2.Этиштен сын атооч жасоочу мүчөлөр:

  • -гыр - алгыр куш, өткүр бычак
  • -гыч - аткыч киши, илгич мышык
  • -гак - соргок кузгун, тайгак жол
  • -аак - ыйлаак бала, тердээк ат
  • -ык - жыртык кемсел, кетик тиш, сасык жыт
  • -чаак - таарынчаак бала, унутчаак киши, уялчаак кыз
  • -анаак - кабанаак ит, сүзөнөөк уй, качанаак ат
  • -калаң - шашкалаң киши, каткалаң тыбыш

3.Сын атоочтон сын атооч жасоочу мүчөлөр

  • -гылт - кызгылт, сарг


Смотрите также